Жогорку Кеңештин басма сөз жетекчиси Ибарим Нуракун уулу кызматынан эмне үчүн кеткенин ачыктады. Анын айтымына караганда Жогорку Кеңештин спикери Канат Исаев менен иштеше албай койгон.

«Жогорку Кеңеш бир аптанын ичинде эки спикер алмаштырды. Мыктыбек Юсупович менен төрт күн иштедим, жыйынтыгында мындай бийик жана терең адам менен кырк жыл деле иштей бермекмин деген ойго келдим. Бул киши спикерлик эле эмес, президенттик же аксакалдык деңгээлдеги инсан экен дегенге көзүм жетти.

Канатбек Кедейканович менен төрт саат иштедим, натыйжада бул кишинин жетекчилиги алдында бир минут да иштей албашымды түшүндүм. Кечээ, күтүүсүз өз каалоом менен отставкага кетип калышымдын себеби да ошондон эле. Бирок, бүгүн спикер кетсин, үйүн өрттөйбүз деп аткандарга кайрылаар элем, мамлекеттибизди, адамгерчиликти сыйласаңыздар, Кудайдан корксоңуздар андайга барбаңыздар.

Канатбек Кедейканович легитимдүү спикер, чыгаан саясатчы, ал да өлкө үчүн күйгөн инсан, өзүбүздүн атуулу. Спикерди коркутуп кетирсеңиздер бүткүл дүйнөгө уят болобуз. Парламентаризм ушуну менен көмүлөт. Ынтымакка чакырам баарыңыздарды»,-деди Нуракун уулу.