Төрага Канат Исаев президенттин милдетин аткаруучу кызматынан баш тартты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-октябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, бүгүн ал арызга кол койду.

«Учурдагы коомдук-саясий кырдаалды жана мамлекеттеги кырдаалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу органынын алдында турган эң маанилүү милдеттерди эске алып, мен өз күч-аракетимди түздөн-түз Жогорку Кеңеште иштөөгө топтоону чечтим. Ошондой эле, парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу, мен өзүмдү президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес деп эсептейм», – деди Канат Исаев өз билдирүүсүндө.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков бүгүн мамлекет башчысынын кызматынан кетерин жарыялаган. Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы жаңысы шайланганга чейин президенттин милдетин аткарышы керек.