Садыр Жапаров, премьер-министр: “Президенттин милдетин аткаруу мага өттү”

Бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Эски аянтта премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушту.

Митингчилерге Садыр Жапаров келип, ал азыр Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу кызматы ага өткөндүгүн билдирди.

“Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр деген эки кызмат тең мага өттү”, – деди ал.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. ЖКнын Төрагасы Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруучу кызматынан баш тартты.