Буйруса, өлкөдө саясый абал турукташып, турмуш өз нугуна түшүп баратат. Президентти бүткүл дүйнө легитимдүү бийлик башчысы катары тааныды, Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп дайындалышынын легитимдүүлүгү жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып жатат, ал чындык, бирок жакынкы убакыттардын ичинде ал да толук жөнгө салынат деп ойлойбуз. Аны эл тандагандан кийин калган маселелерин чечип берүү тийиштүү органдардын милдеттери. Чындыгында азыр кызмат талашып, өз ордуларына кайра келгендерге, жаңыдан дайындалып, шайлангандарга суктана турган деле мезгил эмес. Атың өчкүр пандемия бюджеттин киреше бөлүгүнүн төрттөн бирин шыпырып кетти. Тополоңдордо да чоң зыяндар болду. Алдыдагы кыш азыртан эле айбалтасын көрсөтүп, шалаакыларга, ит доолдай тиктирем дегендей бейкам жүрө бергендерге ырайым кылбай тургандыгын билгизүүдө. Ачыгын айталы, Бишкекте октябрдын биринчи жумасында жылуулук берилгендигин өмүрүбүздө биринчи жолу көрүп жатабыз.

“Ребята, давайте жить дружно!”

Мындай оор учурларда айрымдардын кызматка келгенинен ызы-чуулар, нааразылыктар менен андан кеткени тез болуп калышы да мүмкүн экендиги тажрыйбада ырасталган. Ошондуктан бир акылман айбанаттын, “ребята, давайте жить дружно” деген сөздөрүн кайталагыбыз келет. Эгерде кызмат тийгендер, өз милдеттерин аткарууга кайрадан киришкендер кышкы сезонго, кайрадан күчөп бараткан пандемиянын экинчи толкунуна жогорку деңгээлде даярданууну толук аягына чыгарып, айлыктарды, пенсияларды, жөлөк пулдарды ж.б. социалдык төлөмдөрдү өз убагында берип турууну чечишпесе, эртеңки күнүбүз өтө эле оор болуп, кечээги тополоңдор баланын оюндарындай болуп калышы ыктымал. Окуялардын андай тескери нукта өнүгүп кетпөөсүнө жол бербөө үчүн эмне кылуу керек?

Элдер кыйчалышта турганда мындай суроо көп жолу коюлган, бирок жообу бирөө эле. Ал – биринчи кезекте бизге саясый туруктуулук, мындан аркы саясый, экономикалык жана социалдык маселелердин бардыгын цивилдүү, мыйзамдык нукта гана жүргүзүү талап кылынат. Мыйзамсыз башталган, бүткөрүлгөн иштердин бардыгы өтө эле кейиштүү аяктайт. Аларды дүйнөлүк коомчулук тааныбайт. Жаңы дайындалган премьер-министр саясый интригаларга, жаакташууларга, тирешүүлөргө аралашпастан экономикалык, социалдык милдеттерди чечкенге активдүү киришсе, президент өз ордуна бекем отуруп, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук, координатордук милдеттерин мурдагыдан да активдүү аткара баштаса, абал тез эле жөнгө салынып, экономикабыз алга жыла баштайт. Кокус, кайрадан тирешүүлөр башталып, тополоңдорго кирип кетсек, Кыргызстандын андан кайра толук аман-эсен чыгуусу кыйын.

Легитимдүүлүк жөнундө

Мен бул жерде президенттин өлкөдө саясый туруктуулукту сактоодогу ордуна өзгөчө басым жасагым келет. Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарымдары аяктагаң, жетинчи чакырылышты шайлоо боюнча жыйынтыктарды БШК жокко чыгарды. Парламентке кайра шайлоо качан өтөөрү белгисиз. Өкмөт парламенттин баласы, туундусу, саясый системадан парламент өз ордун бекем ээлемейинче – өкмөт да ара төрөлгөн баладай болуп тура берет. Өз алдынча эч нерсе жасай албайт, алар легитимдүү болбойт. Бардыгына парламенттин, анын тийиштүү комитеттеринин колдоосу, жактыруусу талап кылынат. Парламент бекитмейинче өкмөттү бир да чет элдик субьект тааныбайт, аны менен кызматташпайт.

Мындай убакта мамлекеттин тиреги, өбөгү, жөлөгү жана коопсуздугунун, туруктуулугунун кепилдиги – бир гана президент боло алат. Ошондуктан аны Кыргызстандагы жападан жалгыз легитимдүу жетекчи катары Еврошериктештик, БУУ тааныды. Анын ар кандай кысымдарга, басымдарга карабастан мамлекет башчысынын өз милдеттерин аткарууга активдүү киришкени туура болду. Антпесе эч кандай апыртуусуз өлкөдөгү саясый тирешүүлөр перманенттүү жарандык кагылышууларга айланып кетмек. Анда абалыбыз эмне болот эле?Кошуна Тажикстандагы эки жылга созулган, 150 миңден ашык адамдын өмүрүн алган жарандык согуш сабак болбодубу.

Акылдуулар- башкалардын катасынан үйрөнөт, ал эми акылсыздар – өз катасынан гана сабак алат дегенди эстен чыгарбасак. Эки жылдык кан төгүүдөн кийин тажиктер: “кудай тынччылыгын эле берсе болду, андан ашкан чоң дөөлөт жок экен” деп, монархиялык башкарууга деле көнгөнү калышты.

Тополоңдордун учурунда президенттин легитимдүүлүгүнө шек келтиргендер да болду, ал чындык. Бирок, андан башка азыр бизде толук легитимдүү бийлик башчысы жок. Ошону унутпайлы. Эртеңки парламенттик шайлоонун тагдыры үчүн ким жооп берет? Кеп өзөгү ушунда турат. Эгерде өлкөбүздө ишенимдүү саясый туруктуулук, тынчтык жана коопсуздук болсун десек, биз легитимдүү президенттин өз ыйгарымдарын мөөнөтүнүн акырына чейин аткаруусун же өзү туура деп эсептеген ыңгайлуу мезгилде тынч жол менен отставкага кетүүсүн колдошубуз керек.

Эштекбай, эртеңиң кыйындап баратат

Мамлекет башчысы менен парламент отурган Ак үйдү үчүнчү ирет талкалап, дүйнө жүзүнө дагы бир жолу шерменде болдук. Мындан ары сырттагылардын көбү “серьезный эл” катары да карабай калды. Эгерде Ак үйдү басып киргендер, бир калем сабына тийбей кайра чыгып кетишсе, дүйнө эли бизге суктанмак. Ал жерде отургандардын кийим кечелерине, компьютерлерине ж.б. чейин тоноп, көтөрө албагандарын талкалап, сындырып, өрттөп кетишкендерди кимдер деп айтса болот? Көргөндөрдүн айтымдарында, киргендер бир гана китептерге тийишпептир. Анткени, алардын араларында китеп эмне экендигин билгендер, баалагандар жок болсо керек.

“Тез жардам” белгиси бар машиналарга согушта да кол тийгизишпейт. Бизде андай машинелерден 16сы өрттөнүп, медиктери сабалды. Мына ушулардын бардыгын көргөн сырттагылар Кыргызстан жөнүндө өтө эле жаман ойдо калгандыгы, айрым күчтөр бир шылтоо таап, бизди чындап жазалоо жөнүндө ойлоно башташы да толук ыктымал. Анткени, тынчы жок, жакыр жарды коңшуну эч ким жакшы көрбөйт. Андайдын барынан жогу, чара көрбөсөк, биздин элди да бузат дешет.

Биз экономикалык жактан кошуналардан геометриялык прогрессте артта калып баратабыз. Өзбекстан, Казакстан жакында индустриалдык державаларга айланышат. Россиялык эксперттер Өзбекстан жакында өнүгүүсү боюнча Россияны басып өтүп, Кытайга жетээрин жазышууда. Наманганда, Кокондо, Навоиде, Жизакта төрт автозавод курулууда, алардын жарымы электромобилдерди чыгарышат. Ал эми Эштекбай, сен экөөбүз 2-3 миң сом үчүн көзгө көрүнгөндөрдү талкалап, тоноп, өрттөгөндөн башка эмне кылуудабыз? Же алар элдешкис душмандарыңдын мүлктөрү беле? Минте берсек эртеңибиз кандай болот?

Кошуна өлкөлөр экономикалык жактан күчтүү болгону бир жагынан жакшы. Анча-мынчалары бизге да келип турат. Экинчи жагынан алар бизди таптакыр теңсинбей, кызыкчылыктарыбыз менен таптакыр эсептешпей, саясый, чарбалык чечимдерди кабыл алууда ойлоруна албай коюшу да мүмкүн. Тең ата болгуң келсе, “Эшка, башты оорутпай мародерлугуңду кыла бер, башка колуңан эмне келмек эле. Тийишсең катыгыңды берем” деп коюшат. Күч кимде болсо, чындык, акыйкат ошонун колунда. Аны дүйнөлүк тажрыйба кадам сайын ырастоодо. Кошуналардай алдуу – күчтүү боло албасак да жаманатты боло бербей арыбыз менен жашаганга убакыт келди го!

Мирлан Дүйшөнбаев

Булак: “Майдан.кж”