Өзүн президенттин милдетин аткаруучу болгонун жарыялаган ПМ Садыр Жапаров ушул кадамы менен өзүн «мыйзамдуу туңгуюкка» кептеди.

Эми анын эл алдында айткан убадаларын аткарууга мыйзам жол бербейт. Убадаларды аткарам десе, анда мыйзамдуу талаадан чыгып, «жунгли мыйзамы» менен мамлекетти башкарышы керек. Бул жол мамлекеттин биротоло жок болуусуна алып барат. Же болбосо 2 ай өтпөй жатып кайрадан жаңы толкундоолор башталып, азыркы (мындан да жаман) жол менен бийликтин алмашуусуна алып келет.

1. Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болдум деп 3 гана айга убактылуу бийлик башына олтурду. Андан ашык олтурууга мыйзам жол бербейт. Президенттик кызматка талапкер болуп катышканга укугу жок. Элдин талабы деп талапкер болсо, атаандаштар нааразычылыгын билдирип, мыйзамдуу жолду эсине салышат. БШК дагы Жапаровду талапкер катары каттай албайт. Каттаса кезектеги чатак ушул жерден башталат. Конституциянын 68-беренесинин 2-пунктунда «Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз» деп так жазылган. Бул Жапаровду «мыйзамдуу туңгуюкка» кептейт.

2. «Конституциялык реформага барышыбыз керек,  депутаттардын бир мандаттуу округдан шайланып келүүсүн колдойм» деген сөзүн да иш жүзүнө ашырууга мыйзам жол бербейт. Демек, Жапаровдун айткандары азыркы кырдаалда мыйзамдуу талаада ишке ашпайт. Себеби, Президенттин милдетин аткаруучу адамдын укуктары мыйзамда чектелген. Жапаров Конституцияны өзгөртүүгө укуксуз. Парламент тарабынан демилгеленген күндө дагы убакыт Жапаровго каршы иштейт. Анткени, Конституциянын 114-беренесинин 3-пунктунда «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат» деп ачык жазылган.

Жапаровдо 6 айлык убакыт жок. Мыйзам боюнча 2021-жылдын 15-январына чейин Кыргызстанда президенттик шайлоо Садыр Жапаровсуз өтүүгө тийиш. Жыл жаңыргандан кийин өлкөдө жаңы президент ишин баштайт.

Конституциянын 68-беренесинин 5-пунктунда «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамга Президент кол коюуга тийиш» деп көрсөтүлгөн. Демек, Президенттин милдетин аткаруучу адам кол коё албайт. Бул мыйзам дагы Жапаровго Конституциялык реформага барууга жол бербейт. Эл тарабынан шайланган жаңы президент гана Конституцияны өзгөрткөнгө укуктуу болот. Садыр Жапаров Президенттин милдетин аткаруучу болдум деп өзүнө-өзү чек коюп салды. Анда парламенттик шайлоону жана президенттик шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүп берүү гана жолу калды.

Андан кийин Жапаровдун тагдырын жаңы келген парламент чечет. Эгер Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирбей, жаңы парламент келгиче аны коргоп, андан соң акырын сый менен узатып, өзү президенттикке талапкер болуп чыгып, шайлоодон утуп келип кийинки толук кандуу президент болуп олтурганда, эл алдында айткан сөздөрүн биринин артынан бирин аткарганга мыйзамдуу жол ачмак. Азыркы жол бийликтин кумарына берилүү гана болуп калды.

Наралы Асанбаев, журналист