Бүгүнкү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйына президент Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Садыр Жапаров катышат.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Бүгүнкү кезексиз жыйындын күн тартибинде үч маселе турат: депутаттык мандатын кайтарган Өмүрбек Текебаевдин ант берүүсү, президенттин кызматтын кетүүсү жана президенттин кызматынан кетип жатканын байланыштуу анын милдеттерин ким аткарары каралат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү жыйында Жээнбеков Жогорку Кеңештин алдына чыгып, сөз сүйлөйт.

Эскерте кетсек кечээ, 15-октябрь күну президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.