Акыркы суткада коронавирустан 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 2 адам илдеттен каза болду.

Белгилей кетсек, 16-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 431 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 51 миң 20ны түзөт. Алардын ичинен 45 миң 288 киши айыгып чыкты, 1 миң 103 адам каза болду.