2017-жылы президентке аттанганда берген негизги убадаларымды аткаруу — ушул үч жылдык эмгегимдин өзөгүн түздү. Президенттик мөөнөтүмдүн алгачкы жылын тышкы саясатты жолго коюуга жумшадым. Бул туралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан кезексиз жыйынында билдирди.

Президенттик кызматка шайланганыма кече үч жыл болду. Кудайдын буйругу экен, элдин колдоосуна таянып, мамлекеттик бийликтин баардык бутактары менен биргеликте ички жана тышкы саясатта бир топ иштерди аткардык.
2017-жылы президентке аттанганда берген негизги убадаларымды аткаруу — ушул үч жылдык эмгегимдин өзөгүн түздү. Президенттик мөөнөтүмдүн алгачкы жылын тышкы саясатты жолго коюуга жумшадым.

Бул көзгө көрүнбөгөн, бирок көп убакытты жана күч-аракетти талап кылган түйшүктүү иш болду. Тышкы саясатты улуттук кызыкчылыктарыбызга толук жооп бергидей жүргүздүк.

Мамилебиз солгундап калган мамлекеттер менен өнөктөштүгүбүздү бекемдедик. Өлкөнү санариптештирүү, калкты таза суу менен камсыздоо, жаңы жерлерди өздөштүрүү, калкты турак жай менен камсыз кылуу – бул менин президенттик ишимдин негизги багыттары болду.