Өлкөбүздүн тарыхы 6-октябрга чейин жана андан кийинки учуру деп өлчөнүп калды. Бул факт. Бул бурулуш бизге эмне алып келет — тарых жана убакыт өз баасын берет. Бул туралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан кезексиз жыйынында билдирди.

«Бул күндөр ар бир кыргызстандык үчүн эң оор күндөр болду.

Менин дарегиме колдоо айтуу менен бирге, мамлекет башчысы катары тез арада кырдаалды жөнгө салуу талаптары, катуу сын пикирлер айтылды. Кыйчалыш учурда эмнелер жасалганын азыр кайрадан айтып отурбайын. Болгон күч аракетимди өлкөнү укуктук талаага кайтарууга жумшадым.

Мамлекетибиздеги журт тааныган ишмерлер жана өнөктөштөрүбүз менен консультацияларды жүргүздүм.
Жүздөгөн мекендештерим тынчсыздануусун билдирип, кеңештерин айтышты. Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экендигине дагы бир ирет ынандым.

Биздин жарандык коом күчтүү жана ачык деп буга чейин айтып келгем. Жарандык коом менен массалык маалымат каржаттарынын ушул күндөрдөгү аракеттери, “Кыргызстан — укуктук өлкө” экендигин далилдөөгө багытталды.

Мына ушундай жарандык позицияңар үчүн баарыңарга ыраазылыгымды билдирем. Опурталдуу күндөрү коомдук тартипти сактаган элдик дружиналар – чыныгы каармандарыбыз болуп калды.

Алар Бишкек шаарынын тургундарынын терең сый урматына татыктуу. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган өнөктөштөрүбүздүн, анын ичинде Россия Федерациясынын, Казакстандын, Америка Кошмо Штаттарынын, Великобританиянын, Бириккен улуттар уюмунун, Евробиримдиктин жана ТүркПАнын жетекчилигине ыраазылык билдирем».-деди Жээнбеков.