Иш болгон жерде кемчиликтер болду. Алар үчүн, кадырман элим, сиздерден кечирим сурайм. Ар бир мекендешиме ден-соолук жана бакыт таалай тилейм. Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. Бул туралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан кезексиз жыйынында билдирди.

«Үч жылдык ишимде мага ишеним көрсөтүп келген мекендештериме, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарына, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга, өзүмдүн аппаратыма, жарандык коомго жана медиа тармагына терең ыраазылыгымды билдирем.

“Эки тизгин, бир чылбырды колго алып жаткан” жаңы бийликтин ишине ийгиликтерди каалайм. Баарыбыздын тагдырыбыз жалгыз гана Кудайдын амиринде.

Мээримдүү, ырайымдуу Жараткан Кудайым өзү колдоп, элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун! Аман болуңуздар, урматтуу мекендештерим!», — деди Сооронбай Жээнбеков.