2005-жылы президент Аскар Акаевдин арызын алып келиш үчүн мен парламенттик делегацияны баштап, Москвага бардым. Жаш депутат Садыр Жапаров ошол делегациянын мүчөсү эле. Москвадагы Кыргыз элчилигинин имаратында Аскар Акаев менен жолуктук. Ошондо Аскар Акаевдин кол алдында көптөгөн жылдар иштеп жүргөн адамдар Акаевдин алдына кагазды таштап, «арызыңызды дароо жазыңыз» деп талап кылышты. Аскар Акаев башын көтөрүп бизди карап, «мага мындай мамиле кылгыдай мен колхоздун кампачысы эмесмин, мен суверендүү мамлекеттин президентимин, мени сыйлабасаңар да, элди сыйлагыла, мени сыйлабасаңар да, мамлекетти, президенттик институтту сыйлагыла!» деп бизди сөзгө жыкты.

Ошондо мен бир окуяны эстедим.

1945-жылдын 2-сентябрында Миссури деген линкорндун бортунда генерал Маккартур Япониянын капитуляциясын кабыл алган. Ошондо душман болгондугуна, жеңилгендигине карабай, Япон генералдарына сый-урмат менен мамиле кылып, алар аскер формасында кылычын тагынып, чыкыйып келип, багынгандыгын жарыялаган.

Утулган душманга да татыктуу, жигитче, март мамиле кылуу керек.

Мен Аскар Акаевге убакыт бердим.

Элчиликтин чоң залына журналисттерди чакырып, Кыргызстандын Гербинин, Желегинин алдында туруп, трибунадан президенттик кызматтан өз ыктыяры менен кеткендиги жөнүндө арызын окуп, мага тапшырды. Мен аны парламентке алып келип, ал отставканы кабыл алганбыз.

Президент Жээнбеков кечээ эле арыз жазгандыгына карабастан, бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясын чакырып, кадыр-баркын сактап, ушул жерде өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергениңер, урматтуу Садыр Нургожоевич, Канат Кедейканович, бул сиздердин даанышмандыгыңыздар, айкөлдүгүңүздөр. Бул сиздерде улуу сапаттардын бар экендигинин далили.

Мен кыргызстандыктаргы кайрылгым келет, кызматтан кеткен президентти – Сооронбай Жээнбековду кордогонго жол бербейли, ага өз тарыхыбыздын бир бөлүгү катары мамиле кылалы. Кылган ишине тарых алдында, мыйзам алдында жооп берсин.

Мыйзамга ылайык, президенттин өз ыктыяры менен кызматтан кеткендиги тууралуу жазган арызы Жогорку Кеңеште жарыялангандан кийин, Жогорку Кеңеш аны эске алгандыгы жөнүндө токтом кабыл алат. Ошондон баштап анын ыйгарым укугу Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Эгерде, төрага тигил же бул себептен улам ал милдетти аткара албаса, анын расмий билдирүүсүнөн кийин ал ыйгарым укук Кыргыз Республикасынын премьер-министрине өтөт.

Урматтуу депутаттар!

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Мындай прецедент, мындай учур Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Бир адамдын колуна эбегейсиз бийлик (Президенттин, Өкмөт башчынын, керек болсо парламенттин ыйгарым укуктары) өтүп отурат. Бүгүн формалдуу бийликтен башка дагы, элдин ишеними, үмүтү сизде. Бул эбегейсиз бийлик. Бирок, мен сиздин абалыңызга суктанбайм, тескерисинче, аяйм. Анткени, эл чоң максаттарды коюп, алардын тез жана толук аткарылышын күтүп жатат. Аны аткарыш да ошончо кыйын.

Урмат-сый, сүйүү менен жек көрүүнүн ортосу каш менен кабактын ортосундай жакын.

Урматтуу депутаттар!

Мен сиздерге кайрылам. Келгиле, Садыр Нургожоевичтин, Кыргызстандын Өкмөтүнүн бардык демилгелерин жок дебей, жаңы парламент келгенче колдоп берип туралы. Садыр Нургожоевичтин пландаштырган ойлорун, реформаларын ишке ашырышына идеалдуу шарт түзүп берели.

Дүйнөлүк практикада «биринчи жүз күн» деген түшүнүк бар. Эгер, Мамлекет жетекчисинин, Өкмөттүн даяр программасы, иш-планы болсо, жүз күндө көп ишти бүтүрүп, бүтүрбөсө да баштап койсо болот. “Болоор бала богунан” дегендей, эгер, жүз күндө болбосо, кийин да болбойт деген практика менен бекемделген чындык бар.

Сизге тарых, тагдыр мына ушундай сыноону, мүмкүнчүлүктү берип турат. Ийгилик каалайбыз. Колдон келген жардамды беребиз!..

Улуу Напалеон «Оо, Кудай, мени досторумдан сакта. Ал эми душмандарым менен өзүм эсептешип алам» деп айткан экен.

Бүгүнкү тарыхый учурда Камчыбек Ташиев жөнүндө бир ооз сөз айтпасам болбойт.

Камчыбек Кыдыршаевич досун түрмөдөн гана бошотпостон, анын саясий олимптин чокусуна алып чыкканга чоң салым кошту. Ал достуктун үлгүсүн баарыбызга көргөздү. Бүгүн да экөө эгиз козудай ээрчишип, бардык жерде чогуу жүрүшөт. Аны көргөн эл «Камчыбек Ташиев кандай кызматта, ал кандай статуста жүрөт?» деп суроо салышууда. Илгери, Госсекретарь деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын Доссекретарь деп айтат элем. Госсекретарга эскертүү берсең, сөгүш берсең, жумушунан бошотуп, алмаштырсаң болот эле. Доссекретарды алмаштыра албайсың, андан кутула да албайсың.

Ушул кезге чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун трагедиясынын негизги себеби эбегейсиз бийликти өз колдоруна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын достору, туугандары көргөнүндө болгон. Аларды аңга, жарга ошол жакындары, достору түрткөн. Бул бүгүнкү бийликке сабак болуш керек.

Ошондуктан, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Сиздин жоопкерчилигиңиз Садыр Жапаровдукунан кем эмес, балким аныкынан да жогору.

Бүгүнкү өлкөдөгү саясий кризистин негизги себептеринин бири – адилетсиз шайлоолор.

Жаңы шайлоо өткөрөөрдүн алдында шайлоо системасындагы кемчиликтерди оңдошубуз керек. Биринчи кезекте шайлоо Кодексине шайлоо босогосун 7ден 3%ке түшүруп, шайлоо күрөөсүн азайтыш керек. Бул жаңы, жаш, карапайым саясий күчтөрдүн парламентке келишине жол ачат. Бул бүгүнкү күндүн талабы. Бүгүнкү күн жаңыланууга чакырып турат.

Бүгүн өлкөдө президент да, парламент да, туруктуу өкмөт да жок. Биз убактылуу өкмөт менен жашап жатабыз. Кезексиз президенттик шайлоону үч айдын ичинде, кайра парламенттик шайлоолорду 60 күндүн ичинде өткөрүү зарыл.

Мен эки шайлоону бириктирип, бир күндө өткөрүүнү сунуш кылам. Буга мыйзам жол берет. Биз акча каражатын гана экономдоп калбастан, өлкөдө мыйзамдуу бийликтердин тез калыптанышына, саясий стабилдүүлүктүн тез орношуна жетишет элек.

Бүгүнкү убактылуу өкмөттүн негизги милдеттеринин бири – таза, адилеттүү шайлоолорду өткөрүү.

Мамлекет башчысынын милдетин аткарган премьер-министр президенттик шайлоого катыша албайт. Бул адилеттүү чектөө. Эгерде, премьер-министрдин жан досу, жакын партиялашы президенттик шайлоого катышса, шайлоолонун адилеттүү болгондугуна эл ишенеби? Эгер, премьер-министр болбосо да, шайлоого катышып жаткан анын жакындары өз статустарын ашыра пайдаланбады дегенге эл ишенеби?

Ошондуктан, Садыр Нургожоевич, сиздин жакын чөйрөңүз президенттик шайлоого катышпаса, алдыга койгон максаттарга жеткенге шарт түзүшөт эле.

Сиз мына, Кыргыз Республикасынын Конституциясына колуңузду коюп, эл-жериңиздин алдында ант бердиңиз. Бүгүн биз баарыбыз, өкмөт башчынын гана эмес, мамекет башчынын милдетин аткарууга киришкен адамдын инагурациясына күбө болуп турабыз. Конституцияда “бийликтин жалгыз ээси – эл”, “шайлоо эркин өтөт” деп жазылган.

Кыргызстан дүйнөгө мунай же алтыны менен эмес, Кыргызстан – таза жана ачык, адилет шайлоо өткөргөн, адам укугун сыйлаган, мыйзамды сактаган мамлекет катары таанылган. Сиз кыргыз элинин колдоосу менен ошол миссияны аркалаганы турасыз.

Сиз биздин өлкө гана эмес, дүйнө чайпалып турган маалда мамлекет башына келип, тоодой жоопкерчиликти жана тарыхый миссияны өзүңүзгө алып жатасыз.

Ушул тапта эл аралык коомчулук, жакынкы коңшулар Кыргызстан бул кризистен кантип чыгат деп карап турат. Буга чейинки тарыхыбыз көрсөткөндөй, биз бул ирет да мындай сыноодон ийгиликтүү өтөбүз. Элдин ынтымагы, өлкөбүздүн бүтүндүгү болсун!

Урматтуу депутаттар!

Жаңы убактылуу өкмөт Кыргызстандын тарыхындагы эң татаал кырдаалда өз ишин баштап отурат. Келгиле, чын жүрөктөн аларга бата берип, ишибиз ийгиликтүү болсун деп тилейли!