Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү белгилеп өттү:

— Саясий куугунтуктоолор болбойт. Ал нерсе биздин башыбыздан өткөн. Ал менин эсимде. Биздин максат — коррупционерлерге каршы күрөшүү. Саясий куугунтук кылгандар боло турган болсо жазаланат;

— Массалык маалымат каражаттарына эч кандай кысымдар болбойт. Эгер ММК өкүлдөрүнө карата биздин комитеттин кызматкерлери тарабынан кысым болсо, биз аларды жазалоого даярбыз;

— Коррупционерлерден уурдалган акчалар эселеп кайтарылат. Коррупционерлерди камоонун ордуна алардан уурдалган акчалар эселетип кайтарылат. Коррупционер мамлекетке келтирген зыянын он эселеп төлөтөбүз. Биз аларды түрмөгө камап, 5-10 жыл кармагандан көрө уурдаган 10 миллионун 100 миллион кылып төлөткөнүбүз жакшы. Коррупциялык жол менен тапкан мүлкүн, кайсы бир бизнесин мамлекетке өткөрөбүз. Алар уурдалган акча үчүн 5-10 жылга отурганга макул. Себеби алардын уурдаган акчасы бака-чакасына кенен жетет. Келтирилген чыгымды бир нече эселеп кайтартабыз;

— Камчы Көлбаев мыйзамды буза берсе камалат. Биздин мамлекет бандиттик мамлекет болбойт. Бандиттер качып, жашына баштайт.