Бишкек—Торугарт унаа жолунун 230-чакырымында, тактап айтканда Кочкор районунун Сары-Булак айылынын Сүттүү-Булак аймагында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду.

Белгилүү болгондой, 16-октябрда «Тайота Авенсис» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен беш адам жаракат алып, дагы бир адам каза болгон.

Унаадагы жарандар Кочкор районунун тургундары болушкан.