Эртең, 18-октябрда Бишкек шаарындагы Жибек
Жолу проспектисинде кыймылга чектөө коюлат. Бул тууралуу маалыматты Бишкек
шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме берген маалыматка ылайык, Манас проспектиси менен Исанов көчөсүнө
чейинки тилкеде — жолдун оң тарабында оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ал эми №11
троллейбустун Асанбай кичи районунан тарта батыш автобекетке чейинки багыты
өзгөрөт.