Жалал-Абадда мечиттерде жума намазга тыюу салынды


Жалал-Абадда мечиттерде жума намазга тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад шаарында коронавирус илдетин жуктуруп алган учурлар көп болгондуктан, жума намазы убактылуу токтотулуп турат.

Шаардагы COVID-19 штабы дагы массалык иш-чараларды жана майрамдык иш-чараларды өткөрбөө боюнча иш алып барууда. Буга чейин Жалал-Абад шаарында эки күндүк ооруканалар ачылган.