Өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган жарандын ИИМге эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу   ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

2020-жылдын 15-октябрь  күнү КТРКнын  “Теле-Күзөт” телеберүүсүндө тапанча менен коркутуп, орунсуз сүздөрдү сүйлөгөн мас абалындагы айдоочу өзүн ИИМдин 7-башкы башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырган репортаж чыккан. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет:

Репортажда өзүн  ИИМдин 7-Башкы башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырган жарандын ички иштер министрлигине эчкандай тиешеси жок. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул жаран Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин бөлүмдөрүнүн биринин башкы адиси М.Д. экендиги маалым болду.

Бул окуя 2020-жылдын 5-октябрь күнү болгон.  Бишкек шаардык Ленин РИИБге арыз менен айып пул төлөө үчүн  токтоотуучу жайдын күзөтчүсү А.С. кайрылып, ушул эле күнү саат 03:00 чамасында кайгуул милициясы автоунаага  протокол толтуруп, айып пул төлөө үчүн  токтотуучу жайга киргизгенде  орунсуз сөздөрдү сүйлөп, белгисиз такталбаган тапанча менен коркутуп, күч колдоноорун айткан мас абалындагы белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.  

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы айдоочуну Ленин РИИБдин Тергөө кызматына  мындан ары териштирүү үчүн жеткиришкен.

 Бул факты Ленин РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

 Андан сырткары, сурактын жүрүшүндө автоунаанын айдоочусу 5-октябрдан 6-октярбга караган түнү мас абалында болгондугун айтып, күзөтчү  менен   уруша кетишкенин түшүндүргөн.   Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.