Элчи Аликбек Жекшенкулов кызматтан алынды
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов кызматтан алынды. Бул тууралуу жарлык «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Президенттик аппарат бул боюнча маалымат тараткан эмес. Аликбек Жекшенкулов тарабынан дагы жооп боло элек.
Белгилүү болгондой, ал 2019-жылдын башында бул кызматка дайындалган.
Аликбек Жекшенкулов 1957-жылы 25-майда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында төрөлгөн. Ал 1992-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 1996-жылы 1-класстагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп эмгектенген. Аликбек Жекшенкулов 1980-жылы Украина айыл чарба академиясын токой чарба инженери адистиги боюнча бүткөн.
1980-1982-жылдары Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» Кыргыз мамлекеттик табигый паркынын аймак башчысы, 1982-1986-жылдары комсомолдун Аламүдүн райкомунун 1-катчысы, 1986-1990-жылдары ЛКЖС БКнын катчысы, Кыргыз мамлекетинин ЛКЖСнын Ош обкомунун катчысы, 1990-1992-жылдары жаштар иши боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын 1-орун басары, 1992-1994-жылдары президенттин аппаратында референт, Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, 1994-1995-жылдары тышкы иштер министринин орун басары, 1995-жылдан тартып 1-орун басары болгон. 2005-2007-жылдары тышкы иштер министри кызматын аркалаган.