Өлкөдө жана борбордо эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева кайрадан борбор калаадагы күндүзгү стационарлардын даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка карганда, бардык ооруканаларда дары-дармектер жана жеке коргонуучу костюмдардын запасы даярдалган. Медициналык кыматкерлердин топтору Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык окутулат.

Ленин районунда №96 мектептердин базасында күндүзгү стационарда 30 керебет, №95 мектепте 50 керебет;

Биринчи Май районунда №81 мектептин базасында күндүзгү стационарда 40 керебет, №69 мектепте 120 керебет;

Октябрь районунун аймагында, №39 мектептин базасында 50 керебет, №63 мектепте 40 керебет;

Свердлов районунда №4 мектепте 50 орундуу күндүзгү стационар даярдалган, ал эми №65 Экологиялык-экономикалык лицейдин базасында 60 керебет жайгаштырылган.

Ошондой эле муниципалитет кычкылтек концентраторлору жетиштүү экендигин, керек болсо алар тез арада ооруканаларга жеткириле тургандыгын баса белгиледи.