Теле алып баруучу жана юморист Максим Галкин Украинанын президенти Владимир Зеленскийге пародия жасап, украиналыктардын кыжырына тийди. Ал өзүнүн Instagram баракчасына пародия аткарган.


Галкин Украинанын жашоочулары алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жооп бериши керек болгон Зеленский иштеп чыккан «беш маанилүү суроо» жөнүндө тамашалады.

Орус куудулунун пародиясы көпчүлүк украин интернет колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратты. Жазылган комментарийлерде алардын айрымдары Галкинге орусиялык саясатчылар жөнүндө тамашалоону сунушташса, айрымдары юмористтин тамашасынын деңгээли жөнүндө терс пикирлерин билдиришти.

https://www.instagram.com/tv/CGZu_qsHjZD/?utm_source=ig_embed