Марста биринчи базага ылайыктуу жер планетанын түндүк аймактарында. Бул тууралуу SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү, миллиардер Илон Маск билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

Анын айтымында, биринчи Марскка барчулар муз бар жерлерди тандашы керек, анткени бул материал кайра иштетилип, кычкылтек жана энергия алат. Мындан тышкары, Кызыл Планетанын түндүк кеңдиктеринде космос кемесин кондуруу жеңилирээк.

2019-жылдын август айында Маск Марста туруктуу колония түзүү жакынкы келечекте мүмкүн эмес иш деп жарыялаган. Өзүн өзү камсыз кылган шаардын курулушу кеминде бир нече ондогон жылдарга созулуп, планетага миңдеген учууларды талап кылат.

Ошол эле жылдын сентябрь айында Илон Маск Марска жана Айга жүк жана космонавттарды ташууга жөндөмдүү, көп жолу колдонула турган космос кемесинин прототибин сунуш кылган. Космостук кеме Starship деп аталып калган. Анын узундугу 50 метрди түзөт, ал эми күйүүчү май жана жүктү эсепке албаганда массасы 120 тоннага жакын. Бет ачар учурунда Маск 100 адамга чейин жүк көтөрө алган кеме Марсты жана Айды колониялаштырууга негиз болуп бере алат деп билдирди.