Кымбаттуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештерим!

Биз 2005 жана 2010-жылдагы – 2 революциянын сабактарын унуттук. Элибизде: “Өткөндү унутсак, тарых кайталанат, тарых эскертип турат” – деген сөз бар. Биз мурдагы революциялар менен салыштырып карай албайбыз. Бийлик дайыма өз элине кызмат кылууга жана элдин тандоосун кабыл алууга милдеттүү экендигин көрдүк. Тарых дагы бир жолу сабак берди, айрыкча бийликке дагы бир жолу катуу сабак болду.

Өткөн жума ичиндеги күндөрүбүз:

– биздин эркиндигибиздин,

– биздин демократиябыздын,

– биздин көп улуттуу ынтымагыбыздын жана

– Кыргызстандын жалпы элинин биримдиги сыналды.

2020-жылдын 4-октябрында тарыхый шайлооөткөрүлүшү керек эле. Эл  жөн эле Жогорку Кеңешти шайлаганы жок:

– эл келечекке тандоо жасады!

– эл жаңыланууну тандады!

– эл акыйкаттыкты тандады!

Тилекке каршы, элдин үнү бийликке жетпес болду. 4-октябрда элдин тилеги, жаштарыбыздын үмүтү уурдалды. Жана ал – масштабдуу саясий кризистин башталышына түрткү болду.

Бүгүн жалпы Кыргызстандын эли жөнүндө өзгөчө сөз айткым келет.

2020-жылдын күзү жаңы тарыхты – улуттук аң-сезимдин жаңыланган барактарын ачты.

Ар түрдүү курактагы, ар башка улуттагы, ар түрдүү саясий көз караштагы адамдар мыйзамсыздыккакаршы, добуштарды сатып алууга, фальсификациялоого жана административдик ресурстарга каршы көтөрүлдү. Айрыкча Кыргызстан эли бир муштумдай биримдигин көрсөттү. Баарыбыз ушул күнү Кыргызстандык болдук: бирдиктүү, көп улуттуу бир эл болдук. Мындан ары да дал ушундай болот! Трайбализмди жок кылабыз! Кыргыз эли менен бир катарда туруп канатташ жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү катышты. Бул жеңиш   – ​жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду. ​​​Жалпы Кыргызстан элинин ынтымагынын жеңиши.

Эл биримдиги сакталып калды. Мамлекеттин талкаланышына, бөлүнүп-жарылуусуна жол берилген жок. Кан төгүлгөн жок, талап-тооночулук болгон жок. Мамлекеттин бүтүндүгү сакталды. Тез аранын ичинде укуктук талаага кирдик. Бул күндөрү Кыргызстан элинин, жаштардын: интеллекти өскөндүгү, саясий көз карашы турукташкандыгы далилденди. Жалпы эл – ийгиликке жетти! Кыргызстанда бийлик тынчтык жол менен өткөрүлүп жатат.

Баарыбызды жеңишибиз менен чын дилимден куттуктайм!

Мен саясатчыларга жана саясий партияларгакайрыларым:

Бүгүн биз өлкөнү түндүк-түштүк, уруу-уруу, айыл-айыл же тууган-туушкан деп бөлбөй жашайлы. Биз – бирдиктүү жана көп улуттуу элбиз! Биз – Кыргызстандыкпыз! Биздин саясий көз караштарыбыз ар башка, бирок көздөгөн түпкү максатыбыз бирөө гана. Ал – мекенибиздин – Кыргызстаныбыздын жаркын келечегин камсыз кылуу. 5-октябрда эл өз сөзүн айтты.

Урматтуу мекендештер!

Менин башкы максатым – өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүү. Мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн  тазалоонун инструменти болуудан калат. Саясий куугунтук дегенди менден ашык жон тери менен сезген саясатчы жоктур! Азыр да, көпчүлүк саясатчылар саясий мотивдерменен соттолгон. Бирок бүгүн аларга өздөрүнүн күнөөсүз экендигин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Анткени сотторго жана прокурорлорго эч ким кысым көрсөтпөйт. Мунун баары адилеттүү, акыйкат, жаңы сот өндүрүшүнүн башталышы болуп калат. Дал ушул күндөр соттук өзүм билемдикке жана мыйзамсыздыкка чекит коёт. Албетте эгерде кимдир бирөө, кандай гана саясий фигура болбосун, коррупцияга аралашса мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бирок бизге баарыңыздар бул күрөштө, жардам беришиңиздер керек. Соттук реформалар мындан ары Президенттик Аппарат тарабынан эмес, коомчулуктун көзөмөлүндө жүргүзүлөт.

Баарынан мурда биз 700 млн долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча шектелген Матраимовдор жана башка схемалуу коррупцияларды түзүп, элдин ырыскысына кол салган бардык тармактардагы коррупционерлерди катаал жазалар менен жоопко тартабыз. Укук коргоо органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Жакынкы убактарда биз ишибиздин жыйынтыгын көрсөтөбүз. Ошол эле мезгилде коррупция менен күрөшүү – бул түрмөлөрдү толтуруу эмес, бул укук коргоо органдарына бардык укуктарды берүү эмес. Коррупция менен күрөшүү – бул жөнөкөй, түшүнүктүү жана аткарылуучу мыйзамдар, ал баарына бирдей иштейт.

Ушул жерден – криминалдар менен күрөшүүтуурасында айтсам. Кылмыш дүйнөсү өзүнүкүн диктовка кылганды токтотот деп кепилдик берем. Буга чейин айрым аймактарда бизнес ошол жерде иштеши үчүн криминалдын  уруксаты керек болчу. Бул мезгил артта калды! Ишкерлер менен инвесторлорго өзгөчө шарттар түзүлөт.

Урматтуу мекендештер!

Өз сөзүмдө ЖАШТАР туурасында айтсам. Жаштар үчүн тарыхтын жаңы барактары жазылып баштайт. Жаштар өлкөбүздөгү мамлекеттик саясаттын жигердүү жол баштоочуларынан болот. Дал ушул силер, жаштар, жашыңарга, улутуңарга карабастан, 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында өлкө келечеги үчүн башыңарды сайып бир катарга турдуңар. Биз ушул күндөрү мыйзамсыздык менен күрөшүп курман болгон 19 жаштагы Баткендин баатыр кулунун терең кайгыруу менен эскеребиз. Жакынкы жылдары өлкөбүздүн саясатын аныктай турган силер болосуңар, жаштар. Биз силер менен биргеликте кадр саясатын өзгөртөбүз!