Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күнү жергебизде тынчтык, туруктуулук өкүм сүрүп турганына өтө кубанычтамын. Бул элибиз үчүн да, мамлекетибиз үчүн да өтө маанилүү. Туруктуулук, адилеттүүлүк жана ынтымак – ырашкерлик болгондо гана өнүгүү болот эмеспи. Баарыбызга белгилүү болгондой 2020-жылдын 5-октябрында шайлоонун ыплас өткөндүгүнө байланыштуу Ала-Тоо аянтында тынчтык митинги өтүп жатканда кандайдыр бир кызыктар күчтөр тарабынан провокация жасалып, натыйжада башаламандык башталган. Ошол күнү бейкүнөө адамдардын жана күч кызматкерлеринин каны төгүлбөсүн деп, ИИМдин жетекчилери менен жолугушууга аракет жасадым. Бирок, натыйжада жолуга алган жокмун. Себеби ИИМ министри К.Жунушалиев өздүк курамды, өз кызмат ордун таштап, белгисиз тарапка качып кеткен экен. Бул тууралуу командирлер, тиешелүү жетекчилер эртеси айтышты. Ошол күнү КРнын президенти С.Жээнбековго Кайрылуу жасадым. Ошол учурда мамлекетте оор абал, айрыкча Бишкек шаарында талап-тоноочулук, басып алуулар ж.б.у.с терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн, элдин колдоосу, суранычы жана Коргоо Кеңешинин көрсөтмөсү менен ИИМге барып, болгон тажрыйбамды, мүмкүнчүлүгүмдү пайдаланып, күнү-түнү бардык күч-аракетимди жумшадым.

Учурдан пайдаланып ошол оор күндөрү мага жакындан жардамын, кеп-кеңешин берген Генералдарга, ардагерлерге, мекенчил атуулдарга, айымдарга, айрыкча жаштарга, элдик кошуундарга, спортчуларга, ММК өкүлдөрүнө, коомдук уюмдарга жана активист улан-кыздарга терең ыраазычылык билдирем.

Ошол күндөрү 13 партиянын лидерлери жана мүчөлөрү менен жолугуп, бир бүтүмгө келүүгө чакырып, эл үчүн, тынчтык үчүн тез арада сүйлөшүү жолу менен чечүүлөрүн сурангам. Ошондой эле абалды турукташтыруу жаатында С.Жапаров жана К.Ташиев менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөм. Менин максатым, ошол учурдагы абалдан чыгууда кылдат аракеттерди жасоо, мыйзамдуу талаада тынчтык орнотууга багытталган. Дээрлик бардык сүйлөшүүлөр ар-кандай болсо да, ар-кандай ойлор айтылса да, акыры өз натыйжасын берип, жалпы элибиз каалагандай аяктады.

Азыркы учурда менин айланамда болуп жаткан түшүнбөстүктөр же айрым адамдардын арам ою иш жүзүнө ашпайт. Ошондой эле жакын арада баары оң жагына чечилет деген терең ишеничтемин. Эң негизгиси оор абалда, Элим менен бирге болуп, тынчтык, туруктуулукту орнотууга кошкон салымым үчүн сыймыктанам жана эч качан өкүнбөйм.

Айрым катачылыктар кеткен болсо, кечирим сурайм. Шарт, убакыт ушундай болуп калды.

Жакын арада көрүшкөнчө.

Бар болуңуздар, аман болуңуздар!

Элим үчүн, өлкөм үчүн ак кызматымды өтөй берем!!!

Уулуңар Курсан Асанов!