Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Премьер-министр Садыр Жапаровдун 2020-жылдын 16-октябрындагы №460-буйругу менен Жаныбек Жалалов дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Бүгүн, 17-октябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында жыйын өткөрүлүп, КР Премьер-министринин кеңешчиси Арзыбек Бурканов тарабынан облустун жаңы жетекчиси облус активдерине тааныштырылды.

Арзыбек Бурканов жаңы облус башчысын тааныштырып жатып, мындай чечим өлкөнүн кадр потенциалын жаңылоо жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы, жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынганын айтып өттү. Ал облустун мындан аркы өнүгүп-өсүүсүндө Ж. Жалаловго чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатканын белгиледи. Ал эми буга чейин кыйын кырдаал учурунда облусту жетектеп келген Алишер Абдрахмановго ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

Алишер Абдрахманов кыйын кырдаал учурунда тыгыз иштешип, облустун ар тараптан өнүгүүсүнө салым кошуп, чогуу иштешкен жетекчилерге, өкүлчүлүктүн аппаратына ыраазычылык билдирди.

Жаңы облус башчысы Жаныбек Жалалов бул дайындоону чоң жоопкерчилик катары кабыл алып, облустун мындан аркы ар тараптуу өсүп-өнүгүшүнө болгон күчүн жумшаарын билдирди. “Баткен облусу жөнөкөй аймак эмес, шарты катаал, эки өлкө менен чектешип турганы менен башка облустардан айырмаланып турат. Ошондуктан сиздер менен чогуу иш алып барып, сиздердин жардамыңыздар менен бир топ иштерди алып барууга ишенемин” деп кошумчалады.

Белгилей кетсек Жаныбек Жалалов буга чейин Баткен шаарынын мэри, өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси болуп жана ошондой эле Жогорку Кеңеште иштеген.