Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяда жарадар болгон милиция кызматкерлеринин абалы менен таанышуу үчүн ИИМдин Бейтапканасына барды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

ИИМдин башчысы бейтапканада жаткан бейтаптар менен сүйлөшүп, алардын абалы менен таанышып, кызматын өтөө үчүн тезинен жолдошторунун катарына кошулууларын каалады жана  бардыгына тиешелүү медицианлык жардамдар жана ар тараптуу материалдык жактан колдоолор да боло тургандыгына убада берди.

Ички иштер министри кызматкерлердин толук сакайып кетишине  болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшаарын айтып, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарган милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди.

5-6-октярбь күнү өткөн баш аламандык учурунда ички иштер органдарынын 626 кызматкери жарадар болгон. Анын ичинен учурда 176 кызматкер ооруканада. Калгандары амбулатордук жардам алууда.

Улан Ниязбеков өз кезегиндеБейтапканда иштеген дарыгерлерге дагы ыраазычылык билдирип, дарылап жаткан кызматкерлерга толук жана ар тараптуу медициналык жардамдарды үзгултүксуз берүүнү колго алыңыздар деди.

ИИМдин Медициналык башкармалыгынын дарыгерлери милиция кызматкерлеринин ден соолугунун жакшырышына жана дарылануусуна бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана тургандыгын белгилешти.