Султан Сулейман Венага болгон сапарында «Зектор» кагылышуусунда курман болгон. Анын денесин Стамбулга алып келип, жаназага даярдап жатышкан учурда өзү менен бирге мүрзөгө (кабырга) сандык көмүлүүсүн осуят кылган экен. Ал сандык эмне болду экен деп аалымдар таң калып жатышты. Ал сандыктын ичи толо байлык, асыл таштар болушу керек деп ойлошкон эле. Бул байлыктардын жер астында чирип жок болуп кетүүсүнө уруксат беришкен жок. Ал сандыкты ачууга чечим чыгарышты.

Сандыкты ачканда таң калаарлык нерсени табышкан эле. Ал сандыктын ичи ошол аалымдардын чыгарган чечимдерине (фатваларына) толо эле. Ошондо Абу Сауд деген Шейхуль Ислам ыйлап туруп айтты: «Эй Сулейман! Акыйкатта сен өзүңдүн жаныңды куткардың. Эгер чыгарган чечимдерибизде (фатваларыбызда) катачылык кетирген болсок, кайсы асман бизди көлөкөлөйт, кайсы жер бизди көтөрүп жүрөт». Ислам мамлекетинин доорундагы өкүмдарлардын абалы ушундай болгон.

عندما توفي السلطان سليمان في معركة «زيكتور» أثناء سفره إلى فينيا ، فعادو بجثمانه الى إسطنبول، وأثناء التشيع وجدوا أنه قد أوصى بصندوق أن يوضع معه في القبر ، فقد تحير العلماء من أمر هذا الصندوق ، وقد ظنوا أنه مليئ بالمال ، والمجوهرات ، فلم يجيزوا اتلاف هذا المال ، تحت التراب ، وقرروا أن يفتحوا هذا الصندوق ليجدوا المفاجأة.فقد وجدوا أن هذا الصندوق ملئ بفتاويهم ، فقال الشيخ أبو السعود وهو يبكي «لقد أنقذت نفسك ياسليمان ، فأي سماء تظلنا ، وأي أرض تقلنا ،إن كنا مخطئين في فتاوينا».