Исхак ата арманы

186

Каптаганда кара туман элдин күнүн,

Карап турбай туу болдум элим үчүн.

Кылыч мокоп, сыр найза сынган кезде,

Кырдан аша качтыңар эмне үчүн?

Аргымакты ашууда алмаша албай,

Ал-күч барда айоосуз кармаша албай,

Арман-зарга муунуп турган чакта,

Арамдыкка койбостур жан кашайбай.

Кылыч сынса башкасын бербедиңер,

Кан сызылып турганда келбедиңер.

Ноомарттардын колунан жараат алдым,

Ноокастап мен калганым билбедиңер.

Күйүп турсам таркабай канда кумар,

Кылыч сууруп кармата салбадыңар.

Кансыраган чагымда кана мага,

Калкан болуп көрсөткөн жардамыңар.

Жакыны жок жалгызды жөлөмөк ким?

Жанга батты, нетейин, жалгыздыгым.

Жалдыратып көзүмдү таштай качкан,

Жоролордун кантейин арсыздыгын!

Карайлаган калың журт, жолуң барбы?

Коргоп алаар душмандан колуң барбы?

Кылымдарга айтылаар жомок болуп,

Күйүт менен арылбас шоруң калды.

“Кыргызмын!” деп кыйкырар ураан барын,

Кантип эстен чыгарды уландарың.

Көбөш менен Абыке тукумубу,

Колтугуңдан башбагат жылаандарың.

Кыйырымды кыйратып касым кетээр,

Канжыгада байланып башым кетээр.

Кулга айланып түбөлүк калгычакты,

Камчыга сап болооруң башың көтөр!

Түркүк болуп дүйнөгө түтөр ким бар?

Калкым үчүн кайрылып жүз өлгүм бар.

Кынсыз кылыч байланып, туу көтөрүп,

Кыр, адырдан куюлуп түшөр күн бар.

Кемелине келер эл, өтөөр жылдар,

Көңүл өсүп, качандыр кетер муң-зар.

Көкүрөктө көрөңгө түгөнбөсө,

Көксөгөнгө кыйкырып жетээр күн бар!..

Абдиллабек Авазов, акын, журналист, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү