Өлгөндөр сагындырат,

Тирүүлөр алымсынбайт.

Баратам таштак жолдо,

Өмүрдүн шамы кулап.

Башатым калып ыраак,

Барчу жер жакыныраак.

Жарыктан жалаасы көп,

Жашоо бул жанчып турат.

Өткөнгө кусаланам,

Өрттөнүп туталанам.

Умтулуп, жетпей калып,

Учумдан ушаланам.

Жан-жагым тегиз кирдеп,

Жагымсыз сезим бийлеп.

Капырай, калдыкпы биз,

Калп-чынды бирдей сүйлөп.

Бүдөмүк эртеңки күн,

Буулугуп турам бүгүн.

Ойлордун тоосун жыгат,

Оозумдан чыккан түтүн.

Жакшылар кетип жатат,

Жаныма жаман батат.

Көөдөндө ызгаар улуп,

Көзү кан таңдар атат.

Карыгып барат карек,

Калдастап, таппай дарек.

Шорунан татып элдин,

Шум заман, жүр коймаарек!

Чагылган чарт-чурт этет,

Чаң-тозоң калкып кетет…

Арзыган күндү күтөм…

Айланам жаркып кетет…

Таланып-тонолгон жер,

Таалайын таппаган эл.

Тамчысы алтын болчу

Талаага агылган тер…

Асты-үстүн болгон заман,

Аралаш жакшы, жаман.

Алдастайм, жол табалбай,

Айтчы, дос, кайда барам?

Абдиллабек Авазов, акын, журналист, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү