Мурунку парасаттуу энелер эркек кишинин кийимин аттап, тебелемек турсун, бөлөк жуушкан. Эркекке деген урмат-сый ошончолук жогорку даражада болгон.

Эркек адамдын кийимин тепсебегиле!!!

XVIII кылымда, Казакстандын батыш өңүрүндө Есенгелди аттуу адам өмүр кечирген экен. Ал жети атасынан тарта тектүү-түктүү, байлыгы мол, оокаттуу адамдардан болгон өңдүү. Накта чынжыр билек, чым төштүү, келбети келишкен балбан адам болгон экен. Бий чыкма болуп, эл да бийлеп турган жагдайы бар эле. Анын бир токолунан Бекей аттуу уулу болуптур. Бекей орусча сабаты өтө жогору болуп, билимдүү зирек жигит болот. Байдын байбичеден туулган балдары, Бекейдин эл ичиндеги беделин көрө албай, аны атасына жамандап салышат.

Байга: «Балаңыз атадан калган дөөлөттү беймаза кылып чачып жүрү, сиздин аброюңузга шек келтирип, эл-журттун баарына сизди шерменде кылып бүтмөй болду» — деп жаалап чыгышат. Алардын сөзүнө ишенген Есенгелди:

– Андай болсо мага эмне кеңеш берээр элеңер? — деп сурайт.

–Атаке, андай бузуку баланын барынан жогу. Тез кутулганыңыз оң болоор андан-деп азгырышат, арам ой балдары. Зулум балдарынын тилине кирген бай Бекейди өлтүрүп тынат.

Бул окуя кийинчерээк ашкереленип, баарына маалым болот. Байдын келини өтө эстүү жан болот. Кайын атасынын өз баласын өлүмгө байлап, кандуу иш жасаганын далилдеп, казылардын астына жүгүнөт. Бай өз баласын өлтүргөнүн мойнуна алып, өкүнүчүн билдирет. Доонун акыры кунга келип такалганда айлакер аял:

– Эриме кут кылбаган дөөлөт мага бакыт алып келмек беле. Эгерде уруксаат берсеңиздер менин бир гана тилегим бар. Кайын атамын жети атасынан бери келе жаткан кундуз жакалуу тону төрүндө илинип турат. Ошол тонду бир тебелеп, аттап өтөйүн. Башка талабым жок – дептир.

Соңунда келиндин өтүнүчү орундалат. Көп узабай, Есенгелди бир жутта төрт түлүк малынан тегиз ажырап, итке минген кедей атыгып, жалгыз таягына сүйөнүп калат.

Үстүндөгү кийилүү кийими аял кишинин таман астында калгандыктан, башынан бак тайып, кетээр заманы келип, акыры түбү жокчулукта кайыр сурап жүрүп дүйнө салган экен байың түшкүр…

Бул окуя эркек адамдын кийиминин да өз куту боло тургандыгынан жана аны жөнү жок тебелеп, өзгөчө аял кишинин бут аягында калса, чамгарактан кут качып, кийим ээсинин башынан багы тая тургандыгынан кабар берип турат.

Ошондуктан, кымбаттуу асыл Айымдар!!!

Эр кишинин кийимине аяр мамиле жасап, алардын кийимин да өздөрүндөй кастарлап, сыйлап өтүүңөр – табиятыңардын сулуулугун, наркыңардын баалуулугун жана акыл-эсиңердин тунуктугун дагы бир жолу тастыктап турат.

Котормо

Интернет булактарынан алынды