КТРКнын журналисти, «Мээрим» телеберүүсүнүн автору Бактыгүл Момбекова фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун «Мээрим» телеберүүсүнүн каармандары менен болгон жолугушуусу тууралу төмөнкүдөй пикирин жазып чыкты. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Президент кетти бирок мага берген гүлү сакталып калыптыр. Жакшылыкка жоорудум. Айткан сөзүн жасаган, убадага бекем, жакшы адам катары балдардын эсинде кала берет.  Кадырман карылыкка жетип, бакубат жашоо кечирсин. 25 балага жасаган жакшылыгы унутулбайт. Тарых баасын берет.

Президенттик аппарат силер мага эч жерге чыкпасын деген сүрөттү мен бүгүн чыгардым. Ал эми ажо менен жолуккандагы кадрды неудачный кадр болуп калды деп эфирге да элге да, керек болсо өзүмө да бербей койгонсунар. Ал силерге белек болсун эми. Мен жаман жумуш жасабадым эле балдар үчүн. Кокуй эл көрбөсүн дегендей. Кыргызстан өнүксүн.  Элибиз тынч болсун.  Бактыбызга ыйманы сиздей, жана дагы өз ишин мыкты билген, Кыргызстанды көргө эмес, өргө сүйрөй турган ажо буюрсун эми. Сиз менен кол алышкан балдарыбыз өзүңүздөн да мыкты адам болуп, эл башкарсын деп тилек кылам. Эл өкүлү болом деген үмүтүм да убактылуу токтоду. Гос секретарь, доссекретарь, маалымат катчы болбосом да кыргыздын эң аялуу катмарынын жүрөгүн жылытып, мээримге бөлөп, кээ бир мерез таш жүрөктөрдү эритип, ыйманы ысык адамдардын жардамы менен кызматымды баягы эле баарына тегиз караган КТРКдан улантайын».