“Эң бактылуу мүнөттөрдө да кайгы эшигибизди черткилеп турат”, – деп кайсы бир улуу адамдын жазганын окуганым бар. Жакында эле жарык дүйнө менен кош айтышкан Чыныбай Турсунбеков байке болуп-толуп турган убагында бизди таштап кете берет деп кимдин оюна келиптир.

Биздин коомдо байларга карата бир беткей мамиле жаралды. Бай десе эле, байларга акча асмандан жаап жаткандай, ошол акчаны терип алып жыргап жашап жаткандай ойлошот. Коомдук турмушта ортолукту табуу, социалдык катмарлардын ортосундагы ынтымак-ырашкерлик, бейкут жашоону орнотуу вазийпасын мамлекет да, өзүбүз да жасай албадык. “Байлар” деп дүңүнөн бир алкактын ичине салып алып, аларды каргап-шилей бермейибиз бар.

Илгерки кыргыз болсо байларды “жоомарт бай”, “каткан бай”, “сасык бай” жана башка деп бир нечеге бөлүп, ошого жараша мамиле кылып, ошого жараша коомдук орун берчү экен.Бу кызыгың түшкүр кызыл дүнүйө кулпуруп, азгырып, жеткирбей кыйнаганын кара. Анан дүнүйөгө жетип алгандан кийин аны кармап туруштун кыйындыгын айт. Чыныбай ага дүнүйөгө кыпкызыл мээнет, аракет менен жеткен киши эле. Курсагы менен ойлонгон көр пенде байларга, бийлик ээлерине карата өзүнүн ал кишиден пайда, зыян көргөнүнө карата мамиле кыла берет. Мисалы, менин да жакын тааныш досторум бар. Кайсы бир бай же бий пайгамбар болуп кетсе да, өзүнө пайдасы тийбесе, же бир ишин бүтүрүп бере албаса ал начар, андай-мындай дей берет. Субьективдүү мамиле деп койот го. Чыныбай ага боюнча да ар ким ар нерсе дей берчү.

Жеке мен аны берешен, жоомарт байларга коштум. Ажо көрсүн, кожо көрсүнү жок эле канчалаган адамдарга жардам берчү экен. Ага өз көзүм менен күбө болдум. Пандемия учурунда Айыл чарба министрлигинин Маалымат катчысы болуп иштеп калдым. Проблемалардын башаты паника болду. “Араң турган карышкырды айкырып ийип үркүттүк” дегендей, араң турган элди ушак-айың сөздөр элейтти. Казахстан чек арасын жабат экен, акчачылык башталганы калды деген ушак желдей тарады. Элдер мүшөк-мүшөк ун сатып ала баштады. Менин бир бай досум өзү эле 10 кап унду жыйып алды мисалы. Кыргызстанда иштеп жаткан 9 ун тегирмен бар. Ошол учурда анын бирөөндө: “Акунда” эле буудай запасы бар болуп чыкты. Башка бир да тегирменде буудай жок. Ал ортодо доллар 84 кө секирди. Мен Айыл чарба министринин маалымат катчысы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча ыкчам топтун мүчөсү катары күн-түн ун комбинатында жүрдүм. Чыныбай ага түштөн кийин “Акунга” келип жатты. Негизги ишти ал кишинин жубайы Нуржан эже жүргүзөт экен.

Мен ошондо көрдүм “Акун” көтөргөн жүктү! Турсунбеков чалдыбары чыгып жаткан ун комбинатын менчиктеп, миллиондогон насыяларды алып заводду ишке киргизиптир. Көлдөгү пансионат, болгон мүлкүнүн баары күрөөдө экен. Коменданттык саатка байланыштуу региондордон келген жумушчулар комбинатка келе албай калышты. Күндө ондогон тонна улпак чыгып, аны улам тазалап турбаса, бат эле чирип, элеватордун трубасына улпак толуп, ишкана токтойт экен. Улпак алгандар шаарга кире албай, тоо болуп үйүлүп, сасый баштады. Бир жагынан буудай түгөнүп жатты. Казактар сырьего болгон бааны көтөрүп салды.

“Акун” мүшөгүнөн 50 сом зыянына иштеди жарым айдай. Ал ортодо фискалдык органдар келип жүдөттү. Бир жагынан популист депутаттар, экинчи жагынан социалдык түйүндөгүлөр “Акунду” каргап-шилеп, аябай тоскоолдук жаратып жатты. Ошол кризис күндөрдө “Акун” болбогондо эмне болмок, элестете албайм. Ун семичкедей кетип жатты.Кийинчерээк айыл чарба министрлигинин аракети аркылуу казак компаниялары менен келишимдер түзүлүп, четтен ун келе баштады. Кырдаал жакшырды.

“Акундун” генералдык директору, Чыныбай акенин жубайы Нуржан эженин чачын агартты го пандемия. Андан да өкүнүчтүүсү короновирус турмуштук тажрыйбасы, акыл-парасаты, байлыгы, бийлиги толуп-ташып турган Чыныбай аганы алып кеткени болду.Чыныбай ага көз жумгандын эртеси эле мага жакшы тааныш врачым чалып калды. “Чыныбай эмнеден өлдү, билесиңби, — дейт, — Короновирустан го дедим. Туура деди врач, бирок ал киши айыктым деп, мончого кириптир, бассейнге тушүптүр.

Короновирус болгон адам сууга жолобош керек эле”, — деди. Элге аба менен суудай маалыматты айтып жатасыз, ушуну жазып бериңизчи, же мага үн түрүндө жазып жөнөтүңүз дедим. Бирок ал врач негедир жазып бербеди. Ошентип Чыныбай агабыз жапжаш бойдон чын дүйнөгө кете берди. Дагы канчалаган иш-пландар, максаттар бар эле. Буудай өстүрүү, иштетүү тармагында буга чейинки Өкмөт Башчылар кетирген каталарды оңдойбуз, кыргыз буудай жагынан башкаларга көз карандысыз болбогондой иштерди жасайбыз деди эле.

Кыска өмүрүндө Турсунбеков агабыз көп иш бүтүрдү. Кайсы бир улут “Ылайым өткөөл мезгилде жашап кал” деп каргайт имиш бирин бири. Ошол жүгү эбегейсиз оор өткөөл мезгилде элибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болду агабыз. Бир эле учурда эл баккан берешен бай, ийгиликтүү ишкер, нускалуу, салмактуу мамлекеттик ишмер, жүрөгү назик, зирек акын болуунун мыкты үлгүсүн көргөздү агабыз. Анын депутат катары, мамлекеттик ишмердиги жөнүндө кенен жазышаар. Анан да бизнести кантип бутуна тургузганы, кантип ийгиликтүү ишкер болгону көпчүлүк үчүн кызыктуу баян болор.

Агабыз бүгүн алтымышка чыкмак экен! Жаткан жери жайлуу болсун!

Автору Нургазы Мусаев, журналист