Парижде жана Франциянын башка айрым шаарларында коронавирус оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу коменданттык саат киргизилди.

Коменданттык саат 17-октябрда саат 21: 00дөн 06: 00гө чейин башталды. Ошол эле учурда, Франциянын жашоочулары үчүн үйдөн чыгууга толук тыюу салынбайт. Чектөөлөр кеминде төрт жумага созулат, деп билдирет РБК.


Көчөдө жүйөлүү себепсиз жүргөндөргө 135 евро айып пул салынат. Ошол эле учурда, коомдук транспорттор эртең менен же түнкү нөөмөттө кетип бара жаткан адамдар үчүн иштей беришет.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Париж, Лилль, Лион, Марсель, Тулуза сыяктуу бир катар шаарларда COVID-19 экинчи толкунунунан улам коменданттык саат киргизилгенин жарыялады.