Тургамбаев Рысбек Сабырович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады. 

Ошондой эле, Мамасадыков Рустам Алайбекович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. 

Тиешелүү буйруктарга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. 

Буга чейин УКМКнын төрагасынын орун басары кызматын Тургунбеков Мирлан Эрмекович ээлеп келген.