Америкалык он эки жаштагы өспүрүм бала Аэрокосмостук Инженердик Башкармалыктын экинчи курсуна өттү. Бул тууралуу “People” журналы  кабарлады.

Тогуз айында АКШнын Джорджия штатында жашаган Калеб Андерсон жаңсоо тилин үйрөнгөн. Көп өтпөй ал окуй баштаган жана эки жашында математикалык маселелерди чыгарууну үйрөнөт. Андан кийин ата-энеси уулун биринчи класска жиберишет.

«Менин классташтарымдын бардыгы менден узун экени эсимде. Мен ошондо кичинекей болгондуктан, араң басчумун », — деп эскерет Андерсон.


Үч жашында укмуштуудай жөндөмдүүлүгү жана акылынын жогорку деңгээли үчүн бала MENSA, IQ деңгээли жогору адамдардын бирикмесине кабыл алынган.

 «Ал теңтуштарынын арасында математика сабагын мыкты билген. Биз Калептин өзгөчө экендигин дароо түшүндүк », — дешти баланын ата-энеси. 11 жашында Чаттахучи техникалык колледжине тапшырган.


Учурда жаш гений 12 жашта, ал экинчи курста окуп жатат. Эки жылдан кийин  аэрокосмостук инженерия боюнча бакалавр даражасын алат. Бала келечектеги кесибин тандоону аң-сезимдүү түрдө жасадым деди: кичинесинен космоско учууну кыялданган. Андерсон Джорджия технологиялык институтуна же Массачусетс технологиялык институтуна тапшырууну көздөп жатат. Ал бул Tesla жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск менен стажировкадан өтүүгө жардам берет деп үмүттөнөт.

Ата-энеси уулу менен сыймыктанат. Баланын энеси Калепти “кара балдар” чоң ийгиликке жете аларын баарына далилдейт деп үмүттөнөт.