Кыргызстандын эгемендик тарыхында 5 президент алмашты. Ар кимисинин маңдайына ар кандай тагдыр жазып, ар кандай жагдайда келип, ар кандай жагдайда кетишти.
Акаев менен Бакиев жөн жай отуруп эле Президент болуп калгандарын өздөрү деле билбей калышканын айтып жүрүшөт. Бирок бийлик кумары деген чиркин ушундай укмуш экен, экөө тең кетпейм деп жатып, куулуп кетишти. Ортодо кыргыздын эл багар эр-азаматтары жоопкерчиликти ала албай же мамлекеттик башкарууну бири-бирине ыраа көрбөй жатканда Отунбаева бир жылча өткөөл мезгилдин Президенти болду.
Анан Алмазбек Атамбаев бийликке келди. Ал демократия жолуна түшүп, бийликти тынч жол менен өткөрүп бергени менен партиялашы Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн бйлик жүргүзүүгө тилеги таш капты. Президент кезиндеги коррупциялаш иш-аракеттеринин бети ачылып, акыры абакка камалып тынды.
Ал эми өлкө башчылыгына келген Сооронбай Жээнбеков көпчүлүк күткөн, Кудайдан корккон, беш маал намазы бар Президент болуп чыкты. Жөнөкөй кызматтан баштаган мамлекеттин бардык тепкичтерин басып өткөн Жээнбеков элге жакын болуп, элет жериндеги көйгөйлөрдү четинен чече баштады. Ошону менен коррупциялашкан схемалардын бетин ачып, аны менен күрөшүүдө санариптештирүү жолун тандады.
Бир топ мекемелер бир-бирден, этап-этабы менен санарипке өткөрүлө баштады. Эң башкысы – башына келген президенттик дөөлөт дагы Кудайдан экенин эсинен чыгарбай, ар бир сөзүндө Кыргызстандын өнүгүүсүн Жараткандан тилеп келди. Тилектери акырындап кабыл болуп, аткарылып баштады.
Бирок шайлоонун шайтан оюндарына нааразы эл толкуп отуруп, акыры кызматын тапшырып берди.
Ошентсе да Сооронбай Жээнбеков жогоруда санап өткөн Президенттердей болуп, кызматка жабышкан жок. Кызматта калуу аракетин көрүп, элди жаатташтырып, өз тарапташтарын дагы уюштуруп чыккан жок.
Бардыгы мыйзам чегинде болсун деп укуктук талаага зор күч-аракет менен алып келип, анан кумары күчтүү жогорку бийлик кызматын бир кайрылуу жасоо менен өткөрүп берди.
Буга алтургай, Жээнбековго каршы чыккан «Чоң казат» партиясынын тарапташтары да анын мындай тарыхый кадамын баалап, кетем деген сөзүнө турганын айтып чыгышты.
Экс-президент макамы ага татыктуу экенин баса белгилешти.
Эми «ичине таруу айланбай», аны көрө албагандар да чыкпай койгон жок. Жөнөкөй жарандар болсо бир жөн. Ошол эле мамлекетти башкаруунун эки тизгин, бир чылбыры колго тийип, аны эптей албай, куулуп кеткендер айрыкча көрө алышкан жок. Мына кечээ жакында эле Атамбаевчилер активдешип, саясат майданына чыгып, Сооронбай Жээнбековдун кадыр-баркы менен элине айтчусун айтып, бийлигин тапшырганын жактырбай, «шоона эшпеген» кептерден ары-бери ыргыта баштады.
Болгону экс-президент макамына ээ болгонуна көрө албастык кылганы айдан ачык көрүнүп калды.
Жээнбековдун бул макамга татыктуу ээ болгонуна ичтери туз куйгандай ачышып жатат.
Ал ал болсун десек, Бакиевчилердин дагы ичтери күйүп, соцтармак аркылуу ичтериндеги «ийри жыландын» башын кылтыйтып, жамандоого өтүштү.
Алар дагы өздөрүнүн кандай акмакчылык менен элден безип, элбезер атка конуп, 90 жигиттин канына забын болуп калганына ичтери ачышып жатканын эстеп, Жээнбеков болсо качпай-этпей, эл арасында жүзү жарык басып жүрөрүн көрө алышпай жатат.
Ал эми Сооронбай Жээнбеков адамдык парасатты бийик тутуп, элдин кызыкчылыгын жогору коюп, бийликке жабышып, элге каршы ошол эле элдин аскердеги, күч органдарындагы балдарын каршы койгон жок.
Элдин ынтымагы, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн эң жогорку бийлик кызматынан баш тарта алгандыгы менен тарыхта калды.
Эл арасында кадыр-баркы, ыйман-ынсабы менен кала алды.