Ташкентте 10 метрлик шашлык даярдалды. 10 метрлик шашлык фестивалы 18-октябрда борбор калаанын Навруз паркында өттү.

Ашпозчулар менен биргеликте шашлыкты вице-премьер-министр, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Азиз Абдухакимов даярдады.

10 метрлик шашлык жасоого 38 килограмм фарш талап кылынган, ал 15 мүнөттө даяр болду. Андан кийин шашлык порцияга бөлүнүп, аны сатуу үчүн бөлүнгөн тараптарга өткөрүлүп берилди.

Майрамга болжол менен 15000 адам катышкан. Мамлекеттик туризм комитети белгилегендей, фестиваль бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен өткөрүлүп, келген конокторго медициналык бет каптар берилген.