Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мыйзамдарга өзгөртүү киргизилсе, президенттик шайлоого катышууга даяр экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, азыркы Баш мыйзамга ылайык, президенттин милдетин аткарып жаткан киши шайлоого катыша албайт.

“Учурда парламент президент менен парламентти шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү үстүндө иштеп жатат. Эгер ошол өзгөртүүлөрдүн негизинде мыйзам уруксат берсе, шайлоого катышам”, — деди Жапаров “Россия 24” телеканалына.

Ал ошондой эле бул маселе боюнча чечим чыга электигине байланыштуу азыр бир нерсе деп айтуу эрте экенин кошумчалаган.