Борбордук казыналыктын бекитилген кассалык планына ылайык, республикалык бюджеттин октябрь айындагы кирешеси 18 млрд 793 млн 447,4 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Ошол эле учурда октябрь айында бюджеттен 10 млрд 431 млн 772,5 миң сом чыгымдалары пландалган.

Республикалык бюджеттин бир айлык кассалык планына төмөнкүлөр кирет:

— ай башындагы бюджеттик каражаттардын калдыгы;

— алдыдагы айга карата республикалык бюджетке түшүүчү каражаттардын көрсөткүчүнүн планы;

— өкмөттүн милдеттенмелерин аткаруу менен байланышкан алдыдагы айга карата чыгаша жана төлөмдөрүнүн көрсөткүчүнүн планы.