Америка Кошмо Штаттарындагы Колорадо университетинин окумуштуулары кантты керектөө көңүл буруунун бузулуусу, гиперактивдүүлүк (ADHD) сыяктуу шарттар менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин аныкташты. Таттуунун жаңы коркунучу жөнүндө MedicalXpress сайтына жарыяланган.

Окумуштуулар глюкоза менен кошо канттын курамына кирген фруктоза жана глюкоза метаболизминде пайда болгон заара кислотасы жүрүм-турумдун бузулушун жогорулатат деп далилдешти.

Ошентип, фруктоза тобокелчиликти, импульсивдүүлүктү, тез чечим кабыл алууну жана агрессивдүүлүктү стимулдайт. Ашыкча кант ичүү агрессияга чейин созулган жүрүм-турумга алып келиши мүмкүн.

Фруктозаны колдонуу акыркы кылымда кескин өскөн. Өзгөчө , учурдагы  Батыштын диетасында кант көп өлчөмдө  колдонулат. Бирок изилдөөчүлөр кант агрессияны козгогон факторлордун бири гана болушу мүмкүн экендигин баса белгилешти.