Кызыл-Кыяда куралчан жаран каракчылык жасаган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан кабарлады.

2020-жылдын 17-октябрында саат 05.50 чамасында, Кызыл-кыя шаарындагы май куючу станциясына азиат улутундагы, жашы 25-30 курактагы бейтааныш атуул белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен келип, бөтөн мүлктү ээлеп алууну көздөп май куюуучу станцияасынын 44 жаштагы операторун ок атуучу курал менен кезеп коркутуп, бирок өзүнүн эркине баш ийбеген себептер боюнча кылмыш аракетин аягына чыгара албай окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси    (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам иликтөө-иштеринин натыйжасында карактоого шектелген жаран Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экендиги аныкталган. Ал эми ыкчам –тергөө аракеттерин жүргүзүү максатында Кызыл-Кыя ШИИБнин кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныктап барганда, шектүү бийлик өкүлдөрүнө  баш ийбестен бычак менен каршылык көрсөткөн. Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам-тергөө иш аракеттеринин негизинде шектүү Кызыл-Кыя шаарынын 24 жаштагы И.М. аттуу тургуну кармалып келип убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул жаран мурда соттолгондугу аныкталды.