Министр Улукбек Кочкоров КР Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтына жарыяланды.

КУТТУКТОО!

Акыркы эки жыл аралыгында калкка социалдык кызмат көрсөтүүдө бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Анын негизгилерине токтолоюн.

Оор майыптыгы бар балдарын карап, асыраган ата-энелерге социалдык колдоо көрсөтүү тууралуу айтылып, бирок көп жылдан бери чечилбей келаткан маселе чечилди. Натыйжада, оор майыптыгы бар 7 621 балага ай сайын 4900 сомдон жеке ассистент кызматы үчүн төлөнүп жатат.

Санариптештирүүнүн алкагында турмуш шарты оор үй-бүлөнүн балдарына жөлөкпул чегерүүнүн жолдорун кыйла жеңилдеттик. Жыйынтыгында, акыркы 1,5 жылда жөлөкпул алган балдардын саны дагы дээрлик 90 миңге көбөйдү.

“Балага сүйүнчү” алуунун эң жөнөкөй жолун ишке киргизип, мурдагыдай бир айлап күтүү, ашыкча документтерди чогултуу убаракерчиликтерин жойдук. Натыйжада, бир жыл ичинде эле “балага сүйүнчү” алгандардын саны дээрлик 2 эсеге (72 миң) өстү.

Статусу жок конуштарда, дачаларда жашаган жарандар буга чейин мамлекеттен бир да социалдык колдоо алган эмес. Балдарына жөлөкпул алалбай миңдеген үй-бүлөлөр бизге кайрылышкан. Өкмөт аркылуу тиешелүү Токтом кабыл алганга жетиштик. Эми алар мамлекеттен жөлөкпул жана башка социалдык колдоолорду алышат.

Эгемендүү өлкө болгону майыптыгы бар жарандарды санаторий, курорттордо дарылануусуна жолдомо, коляска менен толук камсыздай албай келгенбиз. Министр болуп келгенден тартып бул жаатта да көп иштерди жасадык. Майыптар үчүн коляскага 5 эсе көп, санаторийлерге жолдомо үчүн 4 эсе көп каражат бөлүп, баардык муктаждыктар чечилип жатат. Жаңы жылдан тартып санаторийлерге жолдомо акчалай түрүндө бериле баштайт. Жарандардын өздөрү каалаган жерден дарыланып, эс алуусуна шарт түзүлөт.

Санариптештирүүнүн алкагында калкты иш менен камсыздоо, бала асыроо иштери онлайн жүргүзүлүүдө. Айта берсе дагы көп жетишкендиктер бар.

Мына ушул аткарылган иштердин жыйынтыгында акыркы 1,5 жыл аралыгында калктын биздин министрликке болгон ишеними 16 пайызга жогорулады. Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматы боюнча өлкөдө эң аз айлык акы алгандар медицина, социалдык кызматкерлер экен (орточо 10 400 сом). Ошого карабай жумуш дегенде жеген ашын жерге коюп эмгектенген сиздердин аракетиңиздер менен жакшы жетишкендиктерге жетишип отурабыз. Албетте дагы да жасала турган иштер көп. Аны да чогуу ишке ашырып, элдин жашоосун жеңилдеткенге аракеттенебиз.

Социалдык жактан муктаждарды камкордукка алуудагы түйшүктүү оор жүктү тартып келаткан ар бир социалдык кызматкерге сыйым бар. Мен ишенем, сиздердин мээнетиңиздер эртеби-кечпи адилеттүү бааланат.

Урматтуу социалдык кызматкерлер! Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Муктажга кол сунуу – бул сооптуу иш. Ак ниет менен жасаган ишиңиздерден баар табыңыздар. Жеке жашооңуздарга бакыт, амандык, чыдамкайлык каалайм!