“Эмгегиме оң баа бергениңиздер үчүн баардыгыңыздарга чын дилимден ыраазымын”. Мындай пикирин экс-министр Чыңгыз Айдарбеков Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

“Учурдагы иштеп жаткан дипломаттар жамааты менен биргеликте өлкө үчүн жасаган эмгегиме оң баа бергениңиздер үчүн баардыгыңыздарга чын дилимден ыраазымын.

Биздин сүйүктүү Мекенибиздин эбегейсиз зор дарамети бар жана гүлдөп өсүүгө келечеги кенен. Биздин негизги байлыгыбыз — элибиз, эгемендүү Кыргыз Республикасынын жарандары. Биздин күч-кубатыбыз тынчтыкта жана сый-урматтыбызда.

Кудай баарына жардам берсин, туруктуулук жана бейпилдик — өнүгүүнүн жана инвестициялоонун негизи»”-деп жазды.

Эске салсак, Ч.Айдарбеков 2018-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри кызматына  дайындалган. 2020-жылдын 16-октябрында ээлеген кызматынан четтетилди.