Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров коомчулукка кайрылуу жасап, Кырызстандагы коррупция менен күрөшүү саясый атаандаштардын куралы болбош керектигин айтты.

“Мен башкалардан да мындай нерсени эң жакшы билем, анткени аны өзүмдүн жон терим менен сезгем, өзүм да саясый туткун болгом. Азыр да бир топ саясатчылар саясый куугунтуктан улам соттолушканын билем. Бирок, бүгүн аларга ачык процесстин алдында өзүнүн күнөөлөрүн актоого мүмкүнчүлүк түзүлөт, сотторго жана прокурорлорго эч кандай кысым болбойт. Бул акыйкат соттордун ишинин башталышы болот”, – деди.

Демек, жакынкы убактарда жогорку даражадагы чиновниктердин анын ичинен Атамбаевдин кылмыш иши кайрадан каралабы? Жакында парламенттик жана президенттик шайлоо болот. Мындай учурда Садыр Жапаров чечимдүү кадамдарга барышы керек. Ага учурда абдан оор мезгил туш болду, экономиканын төмөндөшү, эпидемиянын экинчи толкуну, анын келишине өткөн бийликтегилердин  нааразы тараптар бар. Ушундан улам мамлекет башчысы кардиналдуу жана чечкиндүү кадамдарга барып, мындай процесстерди минималдуу кыскартышы кажет.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары, албетте булар жөн эмес. Садыр Жапаров пресс-конференция бергенде мурунку президентти түрмөдө отурбай эле үй камагына чыгарса болоорун айткан.

-Жамандыр, жакшыдыр ал алты жыл мамлекетти башкарды. Эгерде ал соттук териштирүүгө катышса анын күнөөсү далилденсе гана камакка алынса туура болмок. Антпесе ал мурунку окуялар боюнча кармалышы туура эмес, – деди Жапаров.

Айрым бир эксперттердин билдирүүсүнө таянсак, Атамбаев тууралуу соттук иштерде саясый боек болгону айтылат.

Андыктан мындай иштерди мамлекет башчысы Садыр Жапаров жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жакынкы аралыкта иликтеп чыгып, кармалгандар жана бошоткондор боюнча чоң иштерди аткарат деп ишенебиз.

Булак: vb.kg