Электрондук саламаттык сактоо борбору Кыргызстанда өлүмгө алып келген оорулардын тизмесин жарыялады.

Маалыматтар 2019-жылдагы көрсөткүчтөргө ылайык алынган. Төмөндө алардын тизмесин келтиребиз:

  • Жүрөк-кан тамыр оорулары — 51 пайыз;
  • Жаңы пайда болгон шишиктер — 12,3 пайыз;
  • Жаракат жана уулануу — 7,5 пайыз;
  • Тамак сиңирүү системасындагы оорулар — 6,1 пайыз;
  • Дем алуу органдары — 5,5 пайыз.

“Бул маалыматтарды карай турган болсок, республикада адамдардын көбү инфекциялык эмес оорулардан көз жумат”, — дешти борбордон.

Мындай илдеттерди алдын алууда бардык секторлор — саламаттык сактоо, финансы, транспорт, билим берүү, айыл чарба жана башка тармактар биргеликте иш алып баруусу зарыл экени белгиленди.