Экс-премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргызстандан чыгуусуна чектөө коюлду. Мындай маалыматты 24.кж МА өздөк булактарына таянып жазып чыкты. Маалыматка ылайык чек ара пунктарына Абылгазиевди өлкөдөн чыгарбоо буйругу берилди. Абылгазиев чек арадан өтүүгө аракет жасаса, кармалып Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына өткөрүп берет.