19-октябрда саат 16:17 чамасында Кыргызстанда очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Анын очогу Сары-Могол айылынан түштүккө 25 чакырымда, Кара-Кабак айылынан түштүк-чыгышка 27 чакырымда жайгашса, Ачык-Суу айылынан чыгышка 30 чакырымда, Ош шаарынан түштүккө 122 чакырымда жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Ачык-Суу айылында 4 баллга, Кара-Кабак, Сары-Могол, Жайылма айылдарында 2 баллга чейин сезилсе, Кашка-Суу, Кызыл-Эшме, Кара-Шыбак айылдарында 3,5 баллга чейин, ал эми Жар-Башы айылында 3 баллга чейин сезилген.