«Семетей» госпиталы кийинки жумада ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адил Чаргынов мэрияда өткөн пландалган жыйында билдирди.

Анын айтымында, обсерваториянын аймагында бейтаптарды кабыл алуу үчүн 1,3 миң керебет бар.

«Жаңы 50 орундуу реанимация бөлүмү жана тез жардам бөлүмү иштелип жатат. Аны Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына ылайык келтирип жатабыз. Биздин министр бардыгын жуманын аягына чейин бүтүрө турган мөөнөттү койду, кийинки жумадан баштап, балким, ал толук кандуу иштей баштайт «, — деди Адил Чаргынов.

Эске салсак, учурда Бишкекте 11 оорукана коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алууда.