Бишкекте жеңил унаа аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык кечээ саат 19.10 чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Ала-Арчинская көчөсүнүн кесилишинде болгон.

«36 жаштагы Матиздин айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо 28 жаштагы аялды сүзүп кетти. Натыйжада жабырлануучу ар кандай жаракаттарды алган. Ал Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат «, — деп билдиришти мекемеден.