Жогорку сот Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовду актады. Бул тууралуу 19-октябрда  укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.

Маалыматтарга ылайык, 16-октябрда Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовдун ишин карап, аны кылмыш курамынын жоктугу үчүн актаган. Ошол эле күнү облустук сот бул чечимди карап, аны күчүндө калтырган. Жогорку сот бүгүн актоо өкүмүн күчүндө калтырып, прокурордун өкүмдү жактырбоо өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Эскерте кетсек, 2014-жылы ноябрда М.Мырзакматовго издөө жарыяланган. Ага КРнын Кылмыш кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” 304-беренеси боюнча айып тагылган. Кылмыш иши козголгондон кийин ал республикадан качып кеткен. Ал 5-октябрдан кийинки башалмандыктан кийин, 7-октябрга караган түнү Ош шаарына жеке учак менен учуп келген.