Бишкекте “Ала-Тоо” ресторанынын жанында массалык мушташ болду


Бишкекте “Ала-Тоо” ресторанынын жанында массалык мушташ болду. Бул тууралуу маалыматты Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.

Милицияга мушташ тууралуу билдирүү 15-октябрда саат 23.00 чамасында келип түшкөнү такталды.


«Көрсө, чыр белгисиз жарандардын ортосунда болуп, ыктыярдуу элдик дружинанын өкүлдөрү да ошол жерде жүргөн. Ошол эле түнү жаран Я.В., Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылган. Жабырлануучу милицияга кайрылган эмес. Факт ERPPде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча катталган ”, – деп билдирет мекеме.