Кылмыш-кырсык
Райым Матраимов бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча кармалды
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Матраимов УКМКнын имаратына алып келинди.
“2016-жылдан бери райым Матраимов менен дагы башка жооптуу кызматтагы адамдар коррупциялык схема түзгөнү аныкталды. Натыйжада мамлекет ири суммадагы чыгымга учураган”, — дешти УКМКдан.